Биз менен байланышыңыз

Кыргыз өрүгү АКШга экспорттолууда

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 1544 | 0

Жарым жылда өрүктүн экспортунун көлөмү 10,0 миң тоннадан ашкан. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жылдан-жылга экспортоочу өлкөлөрдүн рынокторуна жайылууда, мурда ЕАЭБ, КМШ өлкөлөрүнө сатылса, быйыл АКШга да экспорттолгон.

Нью-Йорк шаарына – 25,0 тонна, Чикаго шаарына – 15,0 тонна, Түркиянын Измир шаарына – 120, 0 тонна, Украинанын Днепр шаарына – 44,0 тонна жана Орусиянын шаарларына– 42,0 тонна экспорттолгон.

Мындан тышкары, 8, 495 миң тонна Ысык-Көл өрүгү Орусия жана Казакстанга экспорттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM