Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Зергердик өнөр жай жогорку кирешелүү тармак болууга тийиш

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 361 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтын» зергердик заводунун аймагында Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармактын бизнес-ассоциация өкүлдөрүнүн катышуусундагы көчмө жыйынында атамекендик зергердик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, 2019-2022-жылдарга карата зергердик тармакты өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилди, анын алкагында бул чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар каралган.

Евразия экономикалык биримдигинин алкагында асыл металлдын пробаларын ажыратуучу белгилерди өз ара таануу маселеси иштелип жатат. Бул зер буюмдарын интеграциялык биримдиктин аймагында эркин айлантууну камсыздап, өз ара соодада тоскоолдуктарды жоёт.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин зергердик буюмдар рыногунун потенциалын ишке ашыруу боюнча кийинки кадамы евразия зергердик брендин түзүү болуп калат, бул зер буюмдарын сатуу рыногун кеңейтет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекет атамекендик зергердик өнөр жайды колдоо механизмдерин натыйжалуу иштеп чыгууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM