Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Келишимдерден түшкөн каражаттар «жок болуп» кетпеши керек

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 458 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарларынын алкагында кол коюлган эл аралык келишимдерди жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

 «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору» VIII кыргыз-орус аймактар аралык конференциясынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 6 млрд. 134 млн. 860 миң доллардык 53 келишимге, анын ичинде инвестиция чөйрөсүндө 5 млрд. 514,7 млн доллар жана соода тармагында 620 млн долларына кол коюлган.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин визитинин алкагында өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасына 7 млрд. 828 млн доллардык тоо-кен, агрардык өнөр жай, билим берүү, курулуш тармактарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган 24 документке кол коюлган. Мындан тышкары 500 млн юань өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бөлүү жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 1,5 млрд юань гранттык жардам көрсөтүү ниети ырасталды.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, буга чейинки жылдары эл аралык келишимдерди аткарууда создуктуруу орун алып келген.

«Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери кол коюлган документтерге жеке жоопкерчиликти тартышат. Түшкөн каражаттар түз максатында эң артыкчылыктуу чөйрөлөргө багытталышы үчүн биздин ишибизди тутумдаштыруу керек. Алар «жок болуп» кетпеши керек, мурдагыдай башаламандык эч болбошу керек», — деди премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM