Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурум. Сапар Исаковду туулган күнү менен куттукташты

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 357 | 0

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 29-июлда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча соттук отурум уланууда. Ага судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумга Сапар Исаковдун туугандары жана тарапташтары анын сүрөтү тартылган жана “Сапар Исаковго боштондук” деп жазылган футболкаларды кийип, гүл көтөрүп барышты. Сапар Исаков бүгүн 42 жашка толду.

Ошондой эле соттук имараттын жанына Сапар Исаковду куттуктаган “баннер” орнотушту.

Эске салсак, УКМКнын тергөө абагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жанторо Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергетика секторунун башкы менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Ошондой эле мурдагы каржы министри Ольга Лаврова үй камагында. Баардыгы Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке шектелип кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM