Биз менен байланышыңыз

Монголиянын президенти расмий иш сапары менен АКШга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июл 2019 | 430 | 0

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарына барат. Расмий сапар 29-июлдан 3-августка чейин уланат. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы жазды.

Халтмаагийн Баттулга расмий визиттин алкагында АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушат. Ошондой эле кең жана тар форматта жолугушуулар уланат.

Мындан сырткары, Монголиянын президенти АКШнын мыйзам чыгаруу органы менен жолугуп, Монголиянын соода мыйзам боюнча талкуулашат.

Халтмаагийн Баттулга ошондой эле, АКШнын аналитикалык институтунда дүнөлүк лидерлердин форумуна барып, АКШ менен Монголиянын дипломатиялык мамилелерин талкууламакчы.

Copyright © 2017 Maral FM