Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылды

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 492 | 0

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземде Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы монгол-кыргыз достугуна чоң маани береринин далили экендигин белгилеп, элчилик эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү көпүрө болуп каларына ишенимин билдирди.

«Биздин боордош элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн илгертеден берки келаткан кызыкчылыктарына толук жооп берет».

Эске салсак, Монголия президентинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги үчүнчү жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Мындан сырткары, ар кандай тармактардагы 9 документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM