Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Монголиянын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 551 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарында эки жактуу кызматташууларды мындан ары карай кеңейтүү жөнүндө пикир алмашылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Халтмаагийн Баттулганын расмий сапары кыргыз-монгол мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү дем берерине ишеним билдирди.

Тараптар соода байланыштарды активдештирүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргызстанга келген монгол туристтеринин санын көбөйтүү жолдорун талкуулашты.

Президент Халтмаагийн Баттулга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Монголияга сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды.

Ошондой эле, монгол лидери жолугушууда кыргыз тарапка Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына даярдануунун алкагында Улан-Батордо спортчулардын биргелешкен окуу-машыгууларын өткөрүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM