Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Кыргызстан инвестор менен иштешүүнү Монголиядан үйрөнүшү керек

Күн чекит | 13 Июн 2019 | 648 | 0

Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга 12-июнда Бишкекке расмий иш сапары менен келди. Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, 9 документке кол коюлду. Жаңыдан жанданган кыргыз-моңгол кызматташтыгынын маанилүүлүгү жана артыкчылыктары тууралуу Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов менен маек курдук.

— Аскар мырза, кыргыз-моңгол мамлекеттеринин кандай жалпы тармактары же орток кызыкчылыктары бар?

— Монголия – Кыргызстанга окшош өлкө. Буларда буга чейин тышкы инвесторлор менен иштөөдө чатактар болгон. Учурда алар өлкөнү санариптештирип, Кытайдан, Япониядан инвестор тартуу менен өнүгүүгө бет алды. Кыргызстан бул мезгилге чейин Монголия менен тыгыз кызматташкан эмес. Бир канча визиттер жүрүп эле, ошону менен чектелген. Жаңы кол коюлган документтер да кызматташтыктын башталышы экенин көрсөтүп турат. Маданият, мамлекеттик органдардын ортосундагы кызматташууну биринчи кадам катары кароого болот. Мындан ары кандай өнүгүү болот, кандай ири долбоорлор кабыл алынарын, убакыттын өтүшү менен байкайбыз. Негизгиси, кызматташуунун башталганы — жакшы көрүнүш. Анткени, Моңголиянын да алдыдагы чакырыктары биздикине окшош. Андан тышкары, моңголдор да көчмөн элдердин катарына кирет.

-Кызматташууда кайсы тармакка артыкчылык берилиши керек?

— Монголиянын президенти темир жол куруу боюнча сунуш берди. Алар учурда Моңголия-Синцзянь жолун салып жатышат. Баттулга ошону Кыргызстанга чейин узартууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Бул сунуштун ишке ашуусу үчүн көп аракеттер керектелет. Бирок алардын инвесторду тартуудагы тажырыйбасы Кыргызстан үчүн маанилүү.

— Кыргызстан Моңголиядан инвестор тартуу мүмкүнчүлүгү барбы?

-Бизге Монголиядан инвестор келбейт. Бизге алардын Кытай, Япония жана башка өлкөлөр менен иштешүүдөгү тажрыйбасы керек. Биздеги «Кумтөр» кениндегидей талаш маселе аларда да орун алган. Учурунда алтын кенин тарттырып ийип, кийин келишимди бузуп, эми бир нукка салышты. Бул чечим Монголиянын өнүгүүсү үчүн туура багыт болгон. Ошол үчүн инвестор менен иштөөдө алардын тажрыйбасын колдонушубуз керек.

Copyright © 2017 Maral FM