Биз менен байланышыңыз

Москва АКШнын «бут тосуусуна» каршы нота жиберди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 613 | 0

Орусия элчилиги АКШнын мамлекеттик департаментине орус теннисчиси Светлана Кузнецованын ишине байланыштуу нааразылык нотасын жиберди. Бул тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчиси билдиргенин «РБК» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, спортчу Америка визасын ала албай жаткандыктан, Washington Open турнирине катышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылуу алдында турат. Кузнецованын АКШда өтүүчү ири жарыштарда «орус спортчуларына бут тосуунун» курмандыгы болуп жатканын айтышууда.

Элчи АКШнын мамлекеттик департаментине эл аралык иш-чараларда орусиялык катышуучуларга чектөө киргизүүнү токтотуу талабын билдирген.

Кошумчалай кетсек, Вашингтон Венесуэла бийлигин колдогону үчүн Орусияга санкция киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканын жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM