Биз менен байланышыңыз

Борис Жонсон инисин министрдин орун басары кылып дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 607 | 0

Улуу Британиянын жаңы шайланган премьер-министри Борис Жонсон кичүү иниси Жо Жонсонду Бизнес, энергетика жана өндүрүш стратегиясы боюнча министринин орун басары кылып дайындады. Бул тууралуу РИА Новости порталы жазды.

Буга чейин Жо Транспорт министринин орун басары милдетин аткарып келген.

Эске салсак, Борис Жонсон 24-июлда Улуу Британиянын премьер-министри кызматына расмий киришкен. Ал жаңы министрлерди кошо ала келген өзгөчөлүгү аркылуу Улуу Британиянын тарыхына жаңылык жаратты. Жонсон премьер-министр болсом, Брекзитти ишке ашырам деген. Бул пикирге келишпеген 14 министр кызматын тапшырган. Алардын катарында Тышкы иштер министри Жереми Хант да бар.

Copyright © 2017 Maral FM