Биз менен байланышыңыз

Баткенге көчүрүлгөн Ак-Сайдын тургундары айылына жөнөтүлүүдө

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 534 | 0

Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы чек ара чырынан улам Баткенге көчүрүлгөндөр бүгүн үйүнө кайтышты. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, үйүнө кайткандардын алгачкылары ушул тапта 2 кичи автобус менен Ак-Сайга келишти. Ага райондук акимчилик, күч органдары көмөк көрсөтүштү.

Маалыматка ылайык, чыр чыккан эки күндүн ичинде Ак-Сай айылынан 674 адам эвакуацияланган болчу. Алардын ичинен 411и убактылуу 5 пунктка жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM