Биз менен байланышыңыз

Расмий маалымат: Чек арада жолдор ачылды. Сүйлөшүүлөр уланууда

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 434 | 0

Вице-премьер-министр Жениш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим жолугушуп, чек арадагы жолдор ачылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Сүйлөшүү өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык мүнөздө жүрүп, Баткен-Исфана, Исфара-Ворух жолдорун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

«Биз тажик тарап менен чек аралаш аймактардагы абалды жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Кырдаалды турукташтыруу жана жериндеги чыңалууну жөнгө салуу максатында тараптар Баткен-Исфана, Исфара-Ворух унаа жолдорун ачуу боюнча макулдаштык. Жолдор бүгүн эртең менен ачылды. Муну менен катар, мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо боюнча жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Биргелешкен күзөткө Баткен менен Согди облустарынын милицияларынан кошумча күчтөр коюлду. Мындан сырткары, чек ара аймагындагы калктуу пункттарда кайгуул күчөтүлдү», — деди Жеңиш Разаков.

Тийиштүү кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат. Тараптар кырдаал боюнча маалымат алышып, сүйлөшүүлөр уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM