Биз менен байланышыңыз

Чек арада абал өзгөрүүсүз бойдон калууда

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 511 | 0

Кыргыз-тажик чегиндеги Баткендин Ак-Сай айыл аймагында абал өзгөрүүсүз бойдон турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Баткен облусуна жиберилген чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Эки тараптын чек ара кызматтарынын башчыларынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин чек араларды кыргыз-тажик аскерлери биргеликте кайтарып жатышат. Жолдор жабык бойдон турат.

Эки тараптын чек арачылары жергиликтүү бийлик менен кошо элге чатактын алдын алуу, болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Кечээ Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жолугуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүү бүгүн, 24-июлда да уланат.

Copyright © 2017 Maral FM