Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Мага эмес, чек арага көңүл бургула!

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 1313 | 0

«Менин кетип жатканыма кабатыр болбогула. Андан көрө Баткен чек арасындагы абалга көз салгыла». Мындай сөзүн Атамбаев Москвага кетип бара жатып айтты.

Мурунку президент журналисттерге комментарий берип жатып, чек ара маселеси тууралуу пикирлерин да айтты.

«Чек ара маселеси боюнча Курбанбай Искандаровду кызматтан алышканда, мага келип көп нерсени айтты эле. Анда ал Тажикстан менен чек ара маселесинде өтө олуттуу маселе бар экенин, биздикилер бир ката кетирсе эле, көп көйгөй жарала турганын айткан болчу», — деп кошумчалады Атамбаев.

Ошондой эле, чек ара маселесинде бийлик бардык маалыматтарды ачык көрсөтүүсү зарыл экенин да белгиледи.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев бүгүн саат 12:30дар чамасында, Канттагы авиабаза аркылуу Москвага учуп кетет.

 

Copyright © 2017 Maral FM