Биз менен байланышыңыз

Тажикстан менен чек араны чечүүдө Кыргызстанда көп рычагдар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июл 2019 | 794 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткендеги чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолун сунуш кылды.

Бул тууралуу ал “Марал” радиосунун түз эфири учурунда айтты.

Депутат биринчиден өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон менен сүйлөшүү жолу аркылуу делимитация жана демаркация маселесин чечүүнү сунуштайт.

Депутат өлкө башчысына кайрылып, бул маселени тездетүүнү өтүнүү керектигин белгиледи.

Тиллаев ошондой эле чек ара маселесин чечүүдө кыргыз тарап колдогу мүмкүнчүлүктөрдү, рычагды пайдаланышы керектигин айтты.

Мисалы Ворух анклавы бизге толук көз каранды. Суу биз аркылуу өтөт аларга. Катта туздагы газ маселеси турат. Тажик тарап Кыргызстандагы газды акысыз алып жатат. Электр энергиясы бир аркылуу өтөт. Жолдор бар. Аларга караганда Кыргызстанда эки эсе рычаг көп, ошолорду пайдаланып, чек ара мсалесин чечүүнү тездетүү керек”, — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM