Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда кыргыз студенти 34 велосипед уурдап кармалды (видео)

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 587 | 0

Түштүк Кореядагы Чонжу аймагынын полициясы 29 жаштагы кыргыз жаранын жана 23 жаштагы 2 өзбек жаранын кармады. Алар эки жума ичинде 34 велосипед уурдашкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме жасап, «КА-Ньюс» порталы жазды.

Велосипеддер жоголгон соң милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган. Алар студенттерди видеокөзөмөл аркылуу табышкан.

Маалыматтарга ылайык, кыргызстандык жаран уурдалган велосипеддерди өлкөсүнө алып кетүүнү көздөгөн.

Copyright © 2017 Maral FM