Уруш Тажикстандын желегин орнотуудан келип чыкты делгени менен жаңжалдын мааниси тереңде жатат. Желек жөн гана шылтоо болуп калды. Мындай пикирин Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
Ал чек араны тактап, ал жерди коргоо зарыл экенин айтты. Аны менен бирге, чек араны коргоп турган элге колдоо көрсөтүп, көчүп кетпеши үчүн жашоосуна жакшы шарт түзүү керектигин, электр энергиясын арзандатып, кошумча жерлерди бөлүп берүү зарылдыгын белгиледи.
«Негизги себеп чек ара сызыгынын жоктугунда, чек аранын такталбагандыгында болуп жатат. Талаш-тартыштын баары ошондон улам жаралууда. Чек ара жок болсо, чек арадагы аскерлердин мааниси деле жок. Биринчи чек ара сызыгы болсо, анан укуктук талаа болот. Анын негизинде анан коргоо кызматкерлери иш жүргүзө алат. Чек араны бүгүнкү күндө эл кармап турат», — деди Айжигитов.
Ошондой эле, чек ара маселеси чечилмейинче, бул маселе курч бойдон кала берерин, мындай көрүнүштөргө чек коюу үчүн чек араны тактоо керектигин кошумчалады.