Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Чек ара боюнча Жеңиш Разаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушкан

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 1314 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Баткендин Ак-Сай айылындагы чек ара маселесине байланыштуу чукул кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагына жарыялады.

Анда депутат Баткен жергесинде болуп өткөн бүгүнкү окуя Кыргызстандын ар бир жаранын тынчсыздандыра турганын айтып, Өкмөттү кескин сынга алган.

«Чек ара маселесин чечүүдө өз элине аброю жок, өз элинен корккон Өкмөттүн облустагы мурдагы өкүлү, Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри, ошондой эле өз көлөкөсүнөн корккон, эч нерсени чече албаган Ички иштер министри сыяктуу кадрлар отурганда, карапайым калктын коопсуздугу жана мамлекеттин бүтүндүгү коркунучта кала берет», — деп жазылат Таабалды Тиллаевдин кайрылуусунда.

Кайрылууда депутат мамлекеттин аймактык бүтүндүгү баарыбыз үчүн зарылдыгын, чек арада абал туруктуу эмес экендигин буга чейин айтып, Өкмөткө маселе коюп келгенин билдирген.

«Анткени, буга чейинки мамлекеттер аралык чек ара боюнча келишимдер чийки экенин жана анда Кыргызстандын кызыкчылыгы четке кагылгандыгын какшап айтып келдик. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча жооптуу өкүлү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болуп, мамлекеттин кызыкчылыгына көз жумушту. Жыйынтыгын бүгүн көрүп отурабыз. Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу Өкмөт жоопкерчиликти сезип, кетирген кемчиликтерди моюнга алышы керек», — дейт депутат.

Таабалды Тиллаев коомчулукту кырдаалды курчутпоого чакырып, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ынтымак жана биримдик, ошондой эле, сабырдуулук тилеген.

Copyright © 2017 Maral FM