Биз менен байланышыңыз

Айыл башчы: Тажик тарап түнкү саат 12ге чейин ок атып турду

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 1224 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыргыз тарап ок чыгарган эмес. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркинбек Жолчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Жолчиевдин айтымында, тажик тарап ок чыгарып, андан Кыргызстандын чек арачылары жана милициялар жабыркаган. «Биз тараптан эч ким курал колдонуп, ок чыгарган жок. Алар өздөрү баштап, түнкү саат 12ге чейин ок атылып турду. Мындан улам айыл тургундарын коопсуз жайга көчүрүп турдук»-деп кошумчалаган айыл башчы.

Белгилей кетсек, кечээ 22-июлда Баткен районунун Ак-Сай айылында Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жанжал чыккан. Ага  мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна Тажикстандын 6 даана желегин атайын темирге орнотуп коюшканы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM