Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы чыр боюнча кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 561 | 0

Аксай-Ворух аймагындагы чек арасында 22-июлда болгон чыр Баткен ОИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 22-июлдагы чырдан улам бир милиция кызматкери жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми чек ара кызматы жалпы 14 адам жабыркаганын билдирген. Учурда окуяны жөнгө салуу жана жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү жүргүзүү максатында Баткен ОИИБнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Коомдук абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Маалым болгондой, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылынын жашоочулары кечки саат 17.30дар чамасында Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын чек арага жакын жайгашкан жерине, мурда Ак-Сай айылы деп жазылган тактайчанын ордуна Тажикстандын 6 даана желегин атайын темирге орнотуп коюшканына нааразычылыктарын билдиришип, мурда алып салынган Ак-Сай жазуусун кайрадан орнотуу максатында чогулушкан.

Copyright © 2017 Maral FM