Биз менен байланышыңыз

Иран АКШ «тыңчыларын» өлүм жазасына тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 579 | 0

Ирандын Маалымат министри АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгына (ЦРУ) иштеген 17 адам кармалганын билдирди. Бул тууралуу Tasnim агенттигине шилтеме жасап, РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, тыңчылар тобу Ирандын экономика, өзөктүк өндүрүш, армия тармактарында иш алып барып, жашыруун маалыматтарды топтоп келген.

Алардын айрымдары өлүм жазасына тартылса, калганы узак убакытка түрмөгө кесилген.

АКШ 2018-жылдын май айында Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыккандан бери Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык мамиле токтогон.

Copyright © 2017 Maral FM