Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Сауд Арабия парламентинин спикери келди

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 1049 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстанга келген Сауд Араб падышалыгынын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш- Шейх менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Төрага Жумабеков акыркы маалдарда эки өлкө ортосундагы жогорку жана Парламенттик кызматташтыктын алкагындагы саясий байланыштар жанданганын айтты. Тилекке каршы, мамлекеттер ортосунда түз транспорттук байланыштар жок болгондуктан, эки өлкө соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана албай жатканын белгилеп кетти. Мындан улам, кыргыз-араб соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү менен мындай боштуктун ордун толтурууну сунуштады. Ошондой эле, Кыргызстанда туризмдин өнүгүп жатканына келген коноктордун көңүлүн бурду.

Өз кезегинде Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх Кыргызстанга жасаган сапары өзгөчө кызыктуу болорун белгиледи.

«Мамлекет башчыларыбыз достук мамиле түзүштү. Мен жеке өзүмдү Кыргызстандын досумун деп эсептейм. Сауб Араб падышачылыгынын элчилиги да көп багыттар боюнча эки мамлекеттин өз ара байланыш-катышын өнүктүрүүгө бараандуу салым кошуп келет. Анын катарында парламенттер аралык мамиилени чыңдоого да аракеттер көрүлүп жатат», — деди Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх.

Аш-Шура Мажилисинин спикери Сауд Арабия мусулмандар үчүн кайрымдуулук акцияларын өткөрүүнү, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү жогорку деңгээлде колго аларын белгилеп кетти.

Ал ошондой эле, Арабияда билим алып жатышкан кыргызстандык студенттерди стипендия менен камсыздоо каралып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM