Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайга кабыл алуунун 3-туру башталды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 514 | 0

Бүгүн, 22-июлда Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-турдун жыйынтыгында бош гранттык орундар калгандыктан жана ЖОЖго тапшыруучулардын арызынан улам Билим берүү жана илим министрлиги 3-турду өткөрүүгө уруксат берген.

Белгилүү болгондой, окуу жайга өтүү үчүн талон салуу 24-июль саат 14:00дө аяктайт. 25-июль саат 10:00дө кабыл алынгандардын тизмеси ар бир окуу жайдын алдына илинет. Ошондой эле, 27-июлга чейин тапшыруучулардын окуур-окубасы такталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM