Биз менен байланышыңыз

Жогорку окуу жайына кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 934 | 0

Жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 8-июлда ЖОЖго кабыл алуунун биринчи туру, талондорду чогултуу башталды. Бул тур 10-июлда саат 14:00дө аяктайт, 11-июль, саат 11:00дө кабыл алынгандардын тизмеси илинет.

Экинчи тур 15-17-июль күндөрү өтөт. 18-июлда жыйынтыгы чыгарылат.

Үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM