Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдордогу гранттык орундарга кимдерге жеңилдик каралат?

Билим-маданият | 1 Июл 2019 | 565 | 0

Быйыл абитуриенттер үчүн жогорку окуу жайларга жалпы 5 миң 705 гранттык орун каралган. Алардын ичинен 100 орун I-II топтогу майыптар, Аксы, Апрель окуяларынын катышуучуларынын балдары үчүн бөлүнөт. Ал эми, Жалпы республикалык тестирлөөдөн «Алтын сертификат» алгандар  каалаган окуу жайын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Жогорку окуу жайларга гранттык орундар жакынкы 5 жылда муктаждык жарала турчу адистиктерге гана бөлүнгөн. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков «Маралга» билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 31 мамлекеттик жогорку окуу жайдын 26сында гранттык орундар бар. Анын ичинен педагогикалык, медициналык, айыл чарба, өнөр жай жана башка багыттарга көбүрөөк басым жасалат.

— Жалпы бекитилген механизм бар. Бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кайсы кесиптерге муктаждык бар экени тууралуу кабар берет. Ошонун негизинде, жогорку окуу жайларга зарыл болгон кесиптерге ылайык гранттарды бөлүп беребиз. Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношкондугу тууралуу маалымат алып турабыз.  

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров: «Дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон кесиптерге гранттык орун көбүрөөк берилиши керек», — деп эсептейт. Анын пикиринде, IT технологиясы, энергетика тармагы, ошондой эле, инженердик бардык кесиптерге басым жасалса, мамлекет пайдасын көрмөк. Муну менен катар, жогорку окуу жайларга гранттык орундарды бөлүштүрүү терең иликтенбей жатканын айтат. Ал эми, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин гранттык орундарды бөлүштүрүүгө катышы боюнча буларга токтолду:

— Бизде азыр мындай жараян болуп жатат. Токтом долбоорун бекиткенге чейин ар бир министрликке жөнөтүлөт. Министрликтер анализ кылбай туруп, зарыл болгон кесиптерге суроо-талапты кайра жөнөтөт. Мындайча айтканда, суроо-талаптарын оозеки сурамжылап туруп жөнөтүп жатышат. Анан, албетте, башаламандык боло берет.

Билим берүү тармагын, медицина жана инженердик кесипти тандагандардын бардыгын гранттык негизде окутуу керек. Учурда жогорку окуу жайларга гранттык орундарды бөлүштүрүү замандын талабына ылайык келбейт. Мындай пикирди профессор Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, гранттык орундарды бөлүштүрүү министрлик менен ректорлордун ортосундагы тааныш-билиштик жол аркылуу жүрүп жатат. Ошондуктан, билим берүү тармагын баштан-аяк реформалоо зарыл. Жогорку окуу жайларга гранттык орундарды 20 миңге чейин жеткирүү керектигин айтып, буларды кошумчалады:

— Бул 2000-жылдардын башында, ЖРТ киргенде башталган саясат болчу. Андан бери жыйырма жылга жакын убакыт өттү, такыр эле жаңы көз караш менен карабай коюшту. Ар түрдүү тармакка, азыр замандын талабы ошондой болуп жатат, айрыкча, тоо-кен, энергетика, медицина, мугалимдик тармакка грантты көбүрөөк бөлгүлө деп айта берип тилим тешилди.

Белгилей кетсек, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алган абитуриенттер предметтик багыты боюнча гранттык орунга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

Copyright © 2017 Maral FM