Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдордо гранттык орундар бөлүштүрүлдү. IT-адистер үчүн суроо-талап өсүүдө

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 811 | 0

Кыргыз Өкмөтү 2019-2020-окуу жылына карата өлкөнүн жогорку окуу жайларында (ЖОЖ) мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин тизмесин бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүк Аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранттары, анын 4903 гранттык орун жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган орундар Республиканын мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына берилди.

Гранттык орундарды бөлүүдө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлерине керектүү экономика тармагы эске алынып, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдин санына, өзгөчө ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу анализине жана чектелген студенттердин контингентине карап билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берди.

Президенттин «2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык IT-адистер үчүн суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.

Өкмөттүн «Биримдик, ишеним, түзүүчүлүк» Программасындагы адистиктерге даярдоо, окутуу эске алынган. Жогорку Кеңештин 2040-жылга чейин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, өндүрүштүк), айыл чарба, энергетика, туризм багыттары белгиленген.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын 316сын магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу майыптарга, жетим балдарга, ошондой эле, иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралды.

Copyright © 2017 Maral FM