Биз менен байланышыңыз

Тоң районунда жер титиреди

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 579 | 0

Ысык-Көл облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө бүгүн, 22-июнда таңкы саат 4:22 чамасында катталган. Силкинүү очогу Тоң районундагы Улахол айылынан 4 чакырым алыстагы Тескей Ала-Тоонун этегинде орун алган.

Силкинүү күчү Улахол жана Жер-Көчкү айылдарында — 3,5 баллга, Ак-Кыя айылында — 3 баллга, Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин жетип, эпкини Балыкчы, Бишкек шаарларына да сезилген.

Copyright © 2017 Maral FM