Биз менен байланышыңыз

АКШда ысыктан 6 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 473 | 0

Америка Кошмо Штаттарында аптаптан 6 адам каза болду. Мэриленд штатында 4 адам жана Аризона менен Арканзас штаттарында 2 киши каза болгон. Бул тууралуу CBS каналы жазды.

Каналдын маалыматына ылайык, жылуулук АКШнын  борбордук батыш жана чыгыш жээктериндеги 200 млн тургундардын турмуш-тиричилигине таасир бериши ыктымал. Аталган аймакта абанын температурасы +32 ° С’дан ашышы мүмкүн.

Буга чейин аномалдуу ысык аймакта 147 миллион адамдын болгондугу айтылган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM