Америка Кошмо Штаттарында аптаптан 6 адам каза болду. Мэриленд штатында 4 адам жана Аризона менен Арканзас штаттарында 2 киши каза болгон. Бул тууралуу CBS каналы жазды.
Каналдын маалыматына ылайык, жылуулук АКШнын борбордук батыш жана чыгыш жээктериндеги 200 млн тургундардын турмуш-тиричилигине таасир бериши ыктымал. Аталган аймакта абанын температурасы +32 ° С’дан ашышы мүмкүн.
Буга чейин аномалдуу ысык аймакта 147 миллион адамдын болгондугу айтылган болчу.