Жол эрежелерин бузууда айып пул төлөөдөн өлкө казынасына 165 млн 937 миң сом түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлады.
4-марттан бери 290 миң 858 эреже бузуу катталып, андан 127 миң 396 протокол түзүлгөн.
Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.