Биз менен байланышыңыз

«Кепилдик фондунун» уставдык капиталы миллиард сомдон ашты

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 507 | 0

«Кепилдик фонду» Ачык акционердик коомунун уставдык капиталы бир миллиард сомдон ашты. Эми ал 1,132 млрд сомду түзөт.

Буга аталган фонддун 550 млн сом өлчөмүндөгү акциясынын кошумча эмиссиясын Улуттук банк сатып алганы себеп болду.

Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлайт.

Каражат «Кепилдик фонду» ААКнын эсебине кечээ түшкөн.

Муну менен Улуттук банк 49 пайыздык үлүш менен фонддун акционерлеринин катарына кирди.

Фонддун уставдык капиталынын өлчөмүн банк системинин көрсөткүчтөрү менен салыштыра турган болсо, анда “Кепилдик фонду” ААК Кыргызстандагы банктардын ичинде 8-орунга жайгашат.

Өкмөттүн буйругунда «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин санынын көбөйүүсүн, өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмүнүн, кепилдиктердин орточо суммасынын, кепилдик портфелинин көлөмүнүн, түзүлгөн жана колдоого алынган жумуш орундарынын санынын өсүүсүн өбөлгөлөйт», — деп айтылат

Ошондой эле, «Кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, Улуттук банк кепилдик фонддордун ишмердүүлүгүн жөнгө салып, көзөмөл жүргүзөт.

Улуттук банк бул боюнча тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгып, коомчулуктун кароосуна сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM