Биз менен байланышыңыз

«Марин Бункер» салыктан качып, акчаларды адалдоого шектелүүдө

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 442 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы «Марин Бункер» ишканасынын салыктан качкан жана кылмыштуу жол менен табылган акчаларды адалдоо фактысын аныктады. Бул тууралуу финполдун бүгүн тараткан маалыматында айтылат.

Учурда бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Териштирүнүн алкагында аталган ишкана тарабынан Кыргызстандын аймагында шек жараткан накталай эмес эсептешүүлөр боюнча бир катар банктык которууларды жүргүзүлгөнү аныкталган.

Учурда мекеменин кайсыл бир банктагы эсебинде 69 миллион орус рубли жана 924 миң АКШ доллары сакталып турат. Ал каражаттар тергөөгө байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынган.

Орусиянын башкы прокуратурасы тарабынан алдамчылык боюнча козголгон кылмыш иштин алкагындагы териштирүүдө «Марин Бункер» ишканасына которулган каражаттардын мыйзамсыз келгени аныкталган.

Учурда финпол чет өлкөлүк тийиштүү мекемелер менен байланышып, аталган уюмга келген каражаттарды, эмне максатта салынганын тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM