Биз менен байланышыңыз

Финпол: Чет өлкөлөрдө Матраимовдордун мүлкү жок

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 858 | 0

Финансы полициясы чет өлкөлөрдө Матраимовдорго тиешелүү бир дагы мүлк тапкан жок.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК, Финпол) төрагасы Бакир Таиров «Азаттыкка» маек берип жатып билдирди.

Ал атайын иликтөө аяктаганга чейин эле Матраимовдордун байлыгы табылбаганын айтты.

Бирок Таиров Финпол Матраимовдун байлыгын кайсы өлкөлөрдөн изделгени боюнча суроолорго ачык жооп кайтара алган жок. Болгону иликтөөнүн жыйынтыгы келерки жумада даяр болорун билдирди.

Иликтөөдө кесипкөй кызматкерлер иштеп, бир топ документтер чогултулган. Келерки аптада жыйынтыктарды коомчулукка жарыяланарын Бакир Таиров билдирди.

Өкмөт башчысы буга чейин Финансы полициясына Матраимовдордун мүлкүн иликтөө боюнча тапшырма берген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM