Биз менен байланышыңыз

Финпол шектүү 700 млн доллар боюнча алгачкы жыйынтыкты чыгарды

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 765 | 0

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун теле-иликтөөсүндөгү Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу айтылгандар боюнча алгачкы жыйынтыктарды чыгарды.

Ага ылайык, тергөө учурда Али Токтакуновдон жалпы суммасы 22 721 312 АКШ долларын түзгөн банктык документтерди алган. Бирок, иликтөөдө көрсөтүлгөн негизги документтердин топтому азыркыга чейин алына элек. Бул тууралуу финансы полициясы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Тергөө жалпы суммасы 22 496 141.00 АКШ доллары өлчөмүндө акча которууларды аныктаган. Анда Түркия, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Латвия жана Орусияга 105 которуу жасалган.

Финполдун маалыматында 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат. Акча текстиль товарларын сатып алуу тууралуу келишимдердин негизинде которулган. Учурда айтылган маалыматтар боюнча финансы полициясы салыктык текшерүүнү баштады.

Иликтөөдө айтылган жалпы суммасы 2 338 700 АКШ долларын түзгөн каражат Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu тарабынан «Исмаил Матраимов» атындагы фондго которулганы тастыкталбаганын Финпол билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM