Биз менен байланышыңыз

Финпол: Жалил Атамбаев салыктан 40 миллион сом жашырган

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 884 | 0

Өлкөнүн финансы полициясы ишкер Жалил Атамбаевдин салыктан буйтаган иштерин текшерүүсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Анда 40 миллион сомдук каражат салыктан жашырылганы аныкталган.

Тергөө «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсүнөн кийин башталган.

Салыктан жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн баш тартуу беренеси боюнча сотко чейинки материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жалил Атамбаевдин компанияларына жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыгында 40 миллион сом салык жашырылганы анык болуп чыккан: «А.Д.» ЖЧКсы 28 млн сом, «О.О.» ЖЧКсы 12 млн сомдук салык жашырганы маалым болгон.

Соттун чечими менен Жалил Атамбаевге тиешелүү Ош шаарындагы мекемелердин баары текшерүүгө алынып, аталган фирмалардын каржылык-чарбалык иштерине байланышкан документтер алынган.

«Б.» ЖЧКсынан салык органынын пайдаланылбаган пломбалары алынган. Алар Кыргызстандын аймагында күйүүчү майдын ташылганын каттоого алууга чыгарылган.

Тинтүү учурунда пайдаланылбаган пломбалар, салык кызматынын мөөрү басылган бош салык кагаздары табылган.

Бул фактылар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө өндүрүш катары катталган.

«2-июлда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ош шаарынын салык кызматынын сектор башчысы «О.М.»  кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Финансы полициясы Жалил Атамбаев жана анын жакындарына тиешелүү ишканалар боюнча тийиштүү текшерүүлөр улантылып жатканын кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM