Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жалил Атамбаев келтирген 100 млн сомдук зыянды толук кайтарды

Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 1151 | 0

Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев мамлекетке 100 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Ага ылайык, Жалил Атамбаев ИИМ кызматкери болуп турган учурда ишкердик менен алектенип, 100 миллион сомдук кыймылсыз мүлккө ээ болгону, аны жакын туугандарына каттатып койгону аныкталган.

— Мурда тергөө менен кызматташууга даярдыгы жана кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү берип, 29-мартта шектүү Жалил Атамбаев 50 миллион сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурду. Ал бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө аяктайт, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча УКМК тарабынан 3-мартта кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын 5-мартта карап, келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташуусун эске алып, үй камагына чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM