Биз менен байланышыңыз

«Антошка» кырсыгы: Шаардагы бардык тез тамактануу жайлары текшерилет

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 530 | 0

Бишкектеги “Антошка” тамактануу жайындагы өрт, жарылуудан кийин шаардын бардык тез тамактануу жайларын текшерүү чечими кабыл алынды. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлагандай, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин өрткө каршы чараларды көрүүнү күчөтүү планын иштеп чыгууну тапшырды. Мында өзгөчө мектеп, бала бакча, социалдык мекемелерде жана ошондой эле, тез тамактануу жайларындагы абалга басым жасалат.

Вице-мэр өрткө каршы чараларды көрүү үчүн шаардык казынадан жетиштүү каражат бөлүнөрүн, шаардын финансы башкармалыгына бул маселени дыккат кароо тапшырылганын кошумчалайт.

8-ноябрда Бишкектин чок ортосундагы “Ала-Тоо” кино театрынын маңдайындагы тез тамактануу жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Дагы 14 киши жабыркап, ооруканага жаткырылган. Өрт ошол эле күнү 15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM