Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги: Финпол министрдин бөлмөсүндө тинтүү жүргүзгөн эмес

Кыска кабар | 30 Сен 2019 | 595 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Финансы министринин бөлмөсүнө тинтүү жүргүзгөн эмес. Мындай билдирүүнү Финансы министрлигинин маалымат кызматы бүгүн таратты.

Кечээ министр Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылганы айтылган.

Алдын ала маалыматта Соттук өкүлчүлүк борбордун кызмат көрсөтүүсү үчүн бюджетте каралган 1,6 млн сом төлөмдүн ордуна 6 млн сом берилген. Бактыгүл Жээнбаева уруксат берүүчү документтерге кол койгону, ошондуктан тинтүү дал ошол министрдин бөлмөсүнө башталганы мурда айтылган.

Министрлик чынында мекемеде тинтүү болуп, Соттук өкүлчүлүк борбордо каражатты максатсыз пайдалануу боюнча документтер текшерүүгө алуу үчүн берилгенин тастыктайт.

«Бирок тинтүү министрдин кабинетинде эмес, документтер сакталуучу бөлмөдө финансы министрлигинин тийиштүү кызматкерлердин катышуусунда болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM