Биз менен байланышыңыз

Финпол бирдиктүү депозиттик эсепке которгон акча 738 миллион сомдон ашты

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1082 | 0

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 20 миллион 965 миң 955 сомду которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Финансы полициясы тарабынан бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 738 миллион 441 миң 12 сомду түздү.

«Бул которуу «Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана өлкөнүн укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө» Өкмөттүн токтомун аткаруу үчүн ишке ашты», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматта «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» Коопсуздук Кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү улантылып жатканы кошумчаланат.

Copyright © 2017 Maral FM