Биз менен байланышыңыз

Финполдун бирдиктүү эсепке которгон каражаты 755 млн 753 миңге чукулдады

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 607 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 17 миллион 311 миң 895 сом акча которду.

Финпол которгон каражат ушуну менен 755 миллион 752 миң 907 сомго жетти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аталган каражаттар коррупционерлер тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн топтолууда.

Бирдиктүү эсепке Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура да коррупционерлерден өндүргөн каражатты которушат.

Copyright © 2017 Maral FM