Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы Кореянын Инха университетине 9 кыргызстандык барат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июл 2019 | 588 | 0

Түштүк Кореядагы Инха университетине келерки жылы 9 кыргызстандык студент барат. Бул тууралуу Инха университетинин Өзбекстандагы филиалынын эл аралык мамилелер факультетинин башчысы, профессор Ким Жин Хо «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Учурда андан башка да студенттер корей тилин үйрөнүп жатканын, келерки жылдын март айында аларды маектешүү аркылуу кабыл аларын кошумчалады. Андан тышкары, Кореядагы билим берүү тууралуу да ой бөлүштү.

— Түштүк Корея билимге өзгөчө маани берет. Анткени, өлкөдө кен байлык жок болгону үчүн, өнүгүүнүн бир гана жолу билим болгон. Абитуриенттерди кабыл алууда айрым нерселерге өзгөчө көңүл бурабыз. Негизгиси, адам жашоосундагы ар кандай маселени креативдүү чече алышы керек. Экинчиси, Кореяда ар кайсы улуттун өкүлдөрү болгону үчүн алар менен аралашып жашай алышы керек.

Белгилей кетсек, Инха Кореядагы алдыңкы 10 окуу жайдын бири болуп саналат. 2014-жылы Өзбекстанга филиалын ачкан. Учурда Кыргызстанга да ачуу аракети көрүлүп жатканы маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM