Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүүдөгү Кореянын тажрыйбасы бизди кызыктырат

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 385 | 0

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдөгү Кореянын тажрыйбасы Кыргызстанды кызыктырат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун катышуусундагы Кореянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги уюштурган «Менин айылым» долбоорунун бет ачарында айтты.

Премьер-министр белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана жашыл экономиканы киргизүүдө кыргыз тарапты Кореянын тажрыйбасы абдан кызыктырат. Айрыкча, айылдарды өнүктүрүүдө «Менин айылым» улуттук программасын ишке ашыруу тажрыйбасы кызыктуу, анын аркасында Кореяда айылдар ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Түштүк Кореянын айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу моделин түзүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн ылайыктуу болуп саналат.

«Менин айылым» корей долбоору кыргыздын салттуу «Ашар» ыкмасы менен өтө окшош. Ошондуктан, Кыргыз Өкмөтү «Менин айылым» долбоорун өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашыруу үчүн болгон күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM