Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Кыргызстан-Түштүк Корея 20,5 млн долларлык 4 долбоорду иштетүүгө ниеттенип жатат

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 401 | 0

Эки тараптуу карым-катыш маселелери боюнча бирдиктүү бир пикирге келүү үчүн жана эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай бекемдөө үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо керектигин жакшы түшүндүк. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, кыргыз-корей бизнес-форумунун биринчи күнүнүн жыйынтыгы менен була-оптикалык кабель чыгаруучу заводдун жана спорттук-ден соолукту чыңдоочу клубдун курулушу боюнча макулдашылган. Ошондой эле, өкмөт башчы бизнес-форум  В2В түрүндө уланып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары, 2010-жылдан 2018-жылга чейин атамекендик экономикага 68,8 млн доллар түз корей инвестициялары келгендигин белгиледи.

Премьер-министр билдиргендей, экономикалык өнүктүрүү жаатындагы Кореянын кызматташтык фонду тарабынан ишке ашырылуучу Бишкек шаарында 150 орундуу республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын корпусун куруу боюнча макулдашууга кол коюу тууралуу келишилди.

«Жакынкы келечекте тараптар 20,5 млн долларлык 4 долбоорду ишке киргизүүгө ниеттенип жатышат. Андан тышкары, биз туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Туристтик байланыштарды жандандыруу, ошондой эле маданий жана гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында биз Бишкек жана Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу боюнча маселени карап чыктык», — деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Ли Нак Ён белгилегендей, Корея эки жактуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоо жана өнүктүрүү маселелерине зор маани берет жана өлкөлөр дүйнөлүк рынокторго биргелешип чыгуу үчүн жакшы мүмкүндүктөргө ээ.

Copyright © 2017 Maral FM