Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө 1 млн 300 миң унаанын 700 миңи гана салык төгөт

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 405 | 0

Кыргызстанда 1 миллион 300 миң унаа катталганы менен анын 700 миңи эле салык төлөйт. Бул маалыматты «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Усеин Касмалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишеним кат менен жүргөн унаалардын так санын айтуу кыйын. Болжол менен алар өлкөдөгү унаалардын жалпы санынын 40 пайызын түзөт.

«Биз Кыргызстандын жолдорунда жүргөн унаалардын так санын айта албайбыз. Биз каттоого алуучу гана органбыз. Мамлекеттик салык кызматы болсо жыл сайын 700 миңдей автонун ээлери транспорттук салык төгүшөт», — деди Усеин Касмалиев.

Copyright © 2017 Maral FM