Connect with us

Өкмөт «Унаа» ишканасында коррупциялык көрүнүштөрдү чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 652 | 0

Бүгүн, 25-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Унаа» мамлекеттик ишканасына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендер менен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту.

«Чындыгында, мында адамдар көп, кезектер чоң. Бул маселени чечүү керек. Калкты тейлөө терезелерин көбөйтүү же башкармалыкты башка кеңири жерге көчүрүү абзел. Имарат ыңгайсыз жана тар. Азыр көптөр унчуккан жок, себеби бир нече саат кезек күтүп туруп чарчашкан. Бирок, мында коррупциялык көрүнүштөр көп экендигин билем. Жетекчилик муну чечүүгө тийиш. Болбосо башка адамдар келип иштейт», — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр, ошондой эле, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан унаа каражаттарына мамлекеттик номерлерди чыгаруу процесси менен таанышты.

Ошондой эле, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM