Биз менен байланышыңыз

«Унаа» ишканасынын жооптуу кызматкерлери катуу сөгүш алды

Кыска кабар | 27 Окт 2019 | 494 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басарлары Самат Насирдинов менен Усеин Касмалиевге катуу сөгүш жарыяланды. Буга ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттерине карата жарандардан түшкөн арыздануу себеп болгон.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын материалдарында айтылат.

«Катуу сөгүш жарыялоого К.З. жана М.А. аттуу жарандардын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилигинин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча арыздын негизинде жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн тыянагы себеп болгон«, — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган мекеме унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүк берүүгө жооптуу.

Copyright © 2017 Maral FM