Биз менен байланышыңыз

77 салыкчы тартиптик жазага тартылды

Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 396 | 0

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын чечимдерин аткаруу максатында, 77 салыкчы тартиптик жазага тартылышты, ошондой эле кээ бир аймактык салык органдарынын жетекчилери ротацияланды. Тийиштүү буйруктарга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Аймактык салык органдарынын 4 бөлүм башчысына катуу сөгүш жарыяланып, 8 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 1 орун басары, 4 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 2 адис сөгүш алышты.

Ошондой эле, 28 салык органынын жетекчиси, жетекчинин 6 орун басары, 16 бөлүм башчы жана укуктук маселе боюнча 8 адиске эскертүү берилди.

Коллегиянын отурумунда бир катар маселелер, анын ичинде 2019-жылдагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмүн жыйноо боюнча, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү, салыктардын төлөнүшүнө мониторинг жана талдоо жүргүзүү, жогору турган органдардын контролдук тапшырмаларын жана жарандардын келип түшкөн кайрылууларын аткаруу боюнча жана башка суроолор каралган.

Эскерте кетсек, 6-февралда Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM