«Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басарлары Самат Насирдинов менен Усеин Касмалиевге катуу сөгүш жарыяланды. Буга ишкананын мыйзамсыз иш-аракеттерине карата жарандардан түшкөн арыздануу себеп болгон.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын материалдарында айтылат.
«Катуу сөгүш жарыялоого К.З. жана М.А. аттуу жарандардын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчилигинин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча арыздын негизинде жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн тыянагы себеп болгон«, — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган мекеме унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүк берүүгө жооптуу.