Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Корея капиталы менен кызматташкан 976 ишкана бар

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 507 | 0

Корея Кыргызстан үчүн Азиядагы кыйла жакын өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн кыргыз-корей бизнес-форумунда айтты.

Ал эске салгандай, 2018-жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 30 млн долларды түзгөн.

«Учурда Кыргызстанда Корея капиталы менен кызматташкан 976 ишкана бар. Анын ичинен 352си биргелешкен ишкана болуп саналат. Ар бир өлкө үчүн эле чет элдик инвестициялар – ошол мамлекетти алдыга жылдыруучу локомотив», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө либералдуу валюталык режим иштей турганына, ал капиталдын жана акча каражаттарынын эч кандай тоскоолдуксуз жылып жүрүшүнө мүмкүндүк берерине өзгөчө көңүл бурдурду.

«Кыргызстанда экологиялык жактан таптаза азык-түлүктү өндүрүүгө жана экспорттоого абдан чоң эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Кызматташуубуздун көбүрөөк пайдалуу жана жемиштүү болушу үчүн биз өз ара соода-сатык иштерин жүргүзүүдө тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды кыскартуунун үстүндө иш алып барышыбыз керек», — деди өкмөт башчы.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстан дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеп, корей тарап эки өлкөнүн ортосунда товар алмашууну көбөйтүү боюнча активдүү иштөөгө, өз ара пайдалууну кызматташууну улантып жана мындан ары карай өнүктүрүүгө даярдыгын баса көрсөттү.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары бизнес-форумдун алдында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өндүрүмүнүн көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Copyright © 2017 Maral FM