Биз менен байланышыңыз

Ош: Жаштардын Жапонияга барып иштөөсүнө шарт түзүлөт

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 416 | 0

Бүгүн, 17 июлда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Жапониянын «Шеунанизава» курулуш компаниясынын башкы директору Изава менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушунун жүрүшүндө Жапония мамлекетиндеги жарандарды билим берүү жана жумуш орду менен камсыздоо жаатында сүйлөшүлөр жүрдү.

Изаванын айтымында, Жапонияда негизи төрт багыт боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар: социалдык, курулуш, мейманкана бизнес чөйрөсү жана IT-технология тармагы.

«Биз кыргызстандыктарды Жапонияда ишке орноштурууну каалайбыз. Бирок, алар, жок дегенде, баштапкы деңгээлде жапон тилин билүүсү керек. Ал үчүн Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында жапон билим берүү борбору ачылган. Мындан тышкары, студенттер үчүн институттун астында коллеж бар, окууну бүтүп тил үйрөнүп бүткөн соң, Жапонияда иш менен камсыз болушу мүмкүн», — деди Изава.

Ошондой эле, ал кыргызстандыктар үчүн Жапонияда үч жылдын ичинде болжол менен 3400 жумушчу ордун түзүү демилгеси жүрүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, студенттерге жапон мекемелеринде жана ишканаларында стажировка өтөөгө жана окуу практикасын өтүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM